![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/2/2b/%25D0%259B%25D0%25BE%25D0%25B3%25D0%25BE_%25D0%25BF%25D0%25B0%25D1%2580%25D1%2582%25D0%25B8%25D0%25B8_%25D0%2590%25D1%2582%25D0%25B0-%25D0%259C%25D0%25B5%25D0%25BA%25D0%25B5%25D0%25BD.svg/langky-640px-%25D0%259B%25D0%25BE%25D0%25B3%25D0%25BE_%25D0%25BF%25D0%25B0%25D1%2580%25D1%2582%25D0%25B8%25D0%25B8_%25D0%2590%25D1%2582%25D0%25B0-%25D0%259C%25D0%25B5%25D0%25BA%25D0%25B5%25D0%25BD.svg.png&w=640&q=50)
Ата-Мекен (партия)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ата-Мекен Социалисттик Партиясы — Кыргызстандагы саясий партиялардын бири. Партияны Өмүрбек Текебаев консервативдик көз караштагы "Эркин Кыргызстан" партиясынан чыккандан кийин 16-декабрь 1992-жылы түптөгөн.
Ата-Мекен | |
![]() | |
Төрөгасы | |
---|---|
Негиздеген | |
Негизделген датасы |
16-декабрь 1992-жыл |
Башкы кеңсеси |
Калык Акиев көчөсү 111, Бишкек, Кыргызстан |
Идеологиясы | |
Сайты |
Партия солчул либералдык көз карашта болуп, төмөнкү принциптерди карманаары партиянын негизделишинде бекитилген: коомдун эволюциялык реформаланышы,көйгөйлөрдү чечүүдө консенсуска жетишүү, күчтүү мамлекеттик бийлик,күчтүү мамлекеттик социалдык саясат (байларга – эркиндик, кедейлерге - камкордук). [1]
2010-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 5.49% добушун алып, Жогорку Кенеште 18 мандат алган. [2]
Партия 2012-жылы либералдык коз карашатагы Равшан Жээнбеков жана Омурбек Абдрахмановду бир добуш менен фракциянын катарынан чыгарды.